"Эркин-Тоо"

Азия чемпионаты: Кыргызстандын кыздар курамасы жалпы төрт медаль жеңди

Кыргызстандын 17 жашка чейинки күрөш боюнча кыздар курама командасы Бишкектеги Азия чемпионатында жалпы төрт медаль жеңди.

Азия чемпионатында кыргыз кыздары бир алтын, үч коло медаль тагынышты:

1-орун — Гүлнура Таштанбекова (65 кг);

3-орун — Айтолкун Медет кызы (57 кг);

3-орун — Жаркынай Нурлан кызы (61 кг);

3-орун — Диана Амантурова (43 кг).

Эскерте кетсек, 19-26-июнь күндөрү Bishkek Arena муз аянтчасында эркин, грек-рим жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча U-17 жана U-23 Азия чемпионаты өтүүдө.

Буга чейин 17 жашка чейинки грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбандары жети медаль багындырып, командалык көрсөткүчтө Кыргызстан биринчи орунду ээлеген.

Ал эми 17 жашка чейинки эркин күрөш боюнча балбандардын кармашуусу бүгүн аяктайт.

Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 60 спортчу аттанган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!