Бүгүн Алыкул Осмонов эскерилүүдө
Улуу акын Алыкул Осмоновду эскерүү кечеси бүгүн, 17-мартта Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада болуп өттү.
Акынды эскерүү кечесин улуттук китепкана менен Алыкул Осмонов атындагы фонду уюштурган. Мындай маданий иш-чарага Меңди Мамазаирова, Мелис Абакиров, Тынчтык Нурманбетов өңдүү көптөгөн акын жазуучулар катышты.
Белгилей кетсек, Алыкул Осмонов кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Ал 1915-жылы 21-мартта Панфилов районуна караштуу Каптал-Арык айылында төрөлгөн.