Бүгүн Бишкектеги жаңы конуштарда таза суу өчүрүлөт
Бүгүн, 26-октябрда Бишкектеги жаңы конуштарда таза суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, суу саат 9:00дөн 20:00гө чейин «Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, Ала-Тоо 1, Ала-Тоо 2 жаңы конуштарында турак жайларга, мектептерге, мектепке чейинки балдар мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жайга ичүүчү суу берүү токтотулат.
“Ала-Тоо” суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу суу убактылуу өчүрүлөт.