Бүгүн Бишкектеги жол тыгыны рекорд койду
Бүгүн, 20-декабрда Бишкек шаарында 10 баллдык жол тыгыны катталды. Бул тууралуу «2ГИС – Бишкек» кызматы билдирди.
Компания мындай тыгын биринчи жолу катталып жаткандыгын белгиледи. Жол
тыгыны аба ырайына — бороондуу карга жана майрам алдындагы даярдыктарга
байланыштуу шаар тургундарынын кыймылынан улам жаралгандыгы айтылды.