Бүгүн Чек ара кызматы менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы техникалар тапшырылды-ФОТО,ВИДЕО

25-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 71
Бүгүн, 25-мартта Кыргызстандын Чек ара кызматы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жаңы техникалар берилди. Техниканы тапшыруу иш-чарасы Бишкектин эски аянтында өтүп, ага Президент Садыр Жапаров катышты.
Мамлекет башчысы Кыргызстан буга чейин грант түрүндө жардам катары эски техника гана алып келген болсо, эми мындан ары өз акчасына заманбап жаңы техника сатып алып турарын билдирди.

“Учкучсуз учуучу аппараттар, брондолгон техника, автоунаалар, алдыңарда тургандай “Тигр” үлгүсүндөгү тоо-таштан, жолсуз жерден өтүү мүмкүнчүлүгү жогору машиналар жана башка курал-жарак сатылып алынууда”, — деди Садыр Жапаров.

Анын айтымында, өткөн жылы бул үчүн бюджеттен 7,5 миллиард сом бөлүнсө, быйыл чек ара коопсуздугун күчтөө үчүн азырынча 3 миллиард сом бөлүнүүдө.

Дүйнөлүк банк менен бирге ишке ашырылган долбоордун негизинде 5 миллион доллардан ашык акчага 58 өрт өчүрүүчү машина сатылып алынган.

25-март, 2022-ж. / Редакция / Коом 71
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X