Бүткүл дүйнөлүк банк Россияга жакырчылык менен күрөшүүнүн жаңы программасын сунуштады
Россиянын өкмөтү 2030-жылга карата өлкөдө жакырчылыктын деңгээлин 6,6%га кыскартууга ниеттенүүдө, арийне Бүткүл дүйнөлүк банк азыркы шартта бул максатка жетишүү кыйын деп эсептейт. “Ал үчүн жарды үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү системасын реформалоо зарыл”, — деп айтты ДБнын башкы экономисти Апурва Санги журналисттер менен болгон жолугушууда.
Россиялык социалдык жардам көрсөтүү системасы жетиштүү деңгээлде кайтарымдуу эмес деп айтылат Россиянын экономикасы тууралуу 26-майда жарыяланган ДБнын жарым жылдык докладында.