Баңгизат саткандарды коргоп жүргөн ИИМдин мурдагы кызматкери кармалды
Баңгизаттарды сатуу менен алектенгендердин үстүнөн коргоп жүргөн ИИМдин мурдагы кызматкери, милициянын полковниги Р.Ю.М. кармалды. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Ага ылайык, УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгү («Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып, өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо») боюнча коңшу мамлекеттин аймагына мыйзамсыз түрдө жалпы салмагы 11,51 кг баңгизатын алып өтүү аракети менен мурда кармалган А.М.А. жана К.К.М. карата козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында, (бул кылмыш ишине катыштыгы бар үчүнчү адам) мурда кылмыш болгон жерден качып кеткен Кыргызстандын О.А.Ы аттуу жараны кармалган.
Ал эми аларды колдогон милициянын отставкадагы полковниги Р.Ю.М. кармалды. Анын үйүн тинтүү учурунда баңгизат табылып алынган. Бул жагдай анын баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар экенин тастыктады.
Азыркы учурда О.А.Ы. жана Р.Ю.М. Талас облусунун ИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
