Баңгизат сатып Коргоо министрлигинин кызматкерлери кармалды — ВИДЕО
Баңгизаттарды таратуу жана сатуу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер кызматкерлери, прапорщик К.А.Ж. жана ефрейтер Б.Н.К. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган аскер кызматкерлери бир нече убакыттан бери Бишкек шаарынын аймагында “Гашиш” баңгизатын сатуу боюнча системалуу канал уюштуруп алышкандыгы аныкталган.
КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, К.А.Ж. жана Б.Н.К. Бишкек гарнизонунун аскердик камак жайына киргизилди. учурда тергөө иштери жүрүп жатат.