Баалардын өсүшү байкалууда
Үстүбүздөгү жылдын январь айында 2025-жылдын декабрь айына салыштырмалуу Кыргызстанда керектөө баалары жана тарифтер орточо 0,8 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, азык-түлүк жана алкоголсуз суусундуктардын баасы 1 пайызга кымбаттаган. Алкоголдук ичимдиктер менен тамеки 0,8 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар 0,5 пайызга кымбаттаган. Калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери болсо 0,7 пайызга өскөн.
Баалардын жогорулашы өлкөнүн бардык аймактарында катталган. Эң жогорку өсүш Баткен облусунда (1,3 пайыз) байкалган.
Ал эми тамак-аш, алкоголсуз суусундуктар, алкоголдук ичимдиктер жана тамекинин баасы Бишкек шаарында (1,4 пайызга) өскөн. Азык-түлүк эмес товарлар боюнча эң чоң өсүш Жалал-Абад облусунда катталып, 1,2 пайызды түзгөн.