«Баатыр эне» наамын алууну жеңилдетүү сунушталды
Кыргызстанда «Баатыр эне» наамын ыйгаруу жол-жобосун «Түндүк» электрондук системасы аркылуу жөнөкөйлөтүү сунушталды.
Мындай демилгени бүгүн, 25-ноябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алишер Козуев көтөрдү.
Анын пикиринде, жол-жобону санариптештирүү көп балалуу энелерди мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүүгө байланышкан административдик процесстерди жеңилдетет.
Мындан тышкары, эл өкүлү «Баатыр эне» ордени менен сыйланган аялдарга мамлекеттик кызматтарды алууда кошумча жеңилдиктерди берүү сунушун киргизди.