Бакай-Ата райондук милициясы ар бир айылды кыдырып, элдин арыз-муңун угууда

16-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 35

Бакай-Ата районунун Кең-Арал, Өзгөрүш айыл өкмөттөрүнүн 2021-жылы аткарган иштери тууралуу жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Талас ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

​Жыйынга  КР Президентинин Талас облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, Бакай-Ата районунун акими Алгынбай Имаров, РИИБ башчысы Марат Шайбековдор катышты.

Маалыматка ылайык, жыйынга катышкан айыл тургундары көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, тиешелүү тармактар тарабынан жооп алышты.

Андан тышкары, Президенттин «Кыргыз Республикасынын үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы элге түшүндүрүлүп,  маркумду жерге коюу, эскерүү, үйлөнүү үлпөттөрүн өткөрүүдө ​ысырапкерчиликке жол бербөөгө жана коомдук тартипти сактоого чакырышты. ​

Ошондой эле, Шайбеков милициянын көчмө кабылдамасы менен жарандарды кабыл алып, ички иштер органдары милдеттүү болгон суроолорго жооп берип, көйгөйлөрдү жеринен чечүүдө. Учурда Бакай-Ата милициясынын​ кызматкерлери ар бир айылды​ ​ милициянын көчмө кабылдамасы менен кыдырып, жарандардын арыз билдирүүлөрүн кабыл алууда.

16-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 35
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X