Бактыбек Райымкулов: «Марипов суу жана тамак-аштын баалары тууралуу жооп бере албаса, анда эмнеге иштеп жүрөт?»
«Кечээ гана депуттар Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповду чакырып өлкөдөгү суу тартыштыгын жана тамак -аштын бааларын талкуулайлы дедик эле. Бүгүн жыйынга келген жок. Баалар кымабаттап жатат, суу жок. Эгерде бул суроолорго жообу жок болсо, анда эмнеге иштеп жүрөт?», — деди парламент депутаты Бактыбек Райымкулов.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш Министрлер Кабинетинин антикризистик программасы тууралуу жана республиканын аймактарында сугат суусу менен камсыз кылууда түзүлгөн кырдаал жөнүндө маалыматын бүгүн 17 июнда кезектеги жыйынында талкуулап жатат.
Эскерте кетсек буга чеийин эл өкүлдөрү өлкөдөгү суу тартыштыгы тууралуу маселени бир нече жолу көтөрүп, өкмөт бул абалдан чыгуу учун тиешелүү иш-аракеттерди иштеп чыгуусу керектигин жана парламентте бул маселени талкуулоо зарылчылыгын айтышкан.