БАКТЫКАЛЫЙ кызы Гүлжайнар, англис тилин окутуучу: “ӨСҮҮ ҮЧҮН КОМФОРТ ЗОНАДАН ЧЫГУУ КЕРЕК”

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 86

Бүгүнкү дүйнөдө билим адамдын эң чоң капиталы. Айрыкча жаштар үчүн тил үйрөнүү, өзүн өнүктүрүү, дүйнөгө көз карашын кеңейтүү жөн гана мода эмес, жашоонун талабы. Бирок бул жолго түшкөн ар бир адам чоң эмгекке, чыдамкайлыкка жана ички тартипке даяр болушу керек.

Дал ошондой изденүүнүн үстүндө жүргөн, билим менен аракетти айкалыштырып келе жаткан айымдардын бири Бактыкалый кызы Гүлжайнар. Ал англис тили боюнча мугалим, шахмат спорту боюнча мугалимдер арасында биринчи орунду багындырган адис, илимий иштердин автору жа-на дүйнө таанымын кеңейтүүнү сүйгөн саякатчы. Гүлжайнар учурда Америкада эмгектенип, илимий иштери менен алек болуп жүрөт. Маегибизде англис тилин тез жана туура үйрөнүүнүн сырлары, шахматтын баланын өнүгүүсүнө кошкон салымы, чет өлкөдөгү тажрыйба жана кыргыз жаштарына багытталган терең кеңештер тууралуу сүйлөштүк.

— Гүлжайнар, сизди англис тили мугалими, шахматчы жана саякатчы катары таанып калдык. Эмне үчүн дал ушул англис тили менен шахматты тандадыңыз?

— Англис тили — бул жөн гана сабак эмес, бул дүйнөгө ачылган эшик. Англис тилин билген адам үчүн маалымат дүйнөсү кенен ачылат, билим алуу мүмкүнчүлүгү кеңейет, кесиптик өсүү жолдору көбөйөт.

Ал эми шахмат бул жөн гана оюн эмес. Бул адамды ойлонууга, сабыр кылууга, стратегия түзүүгө үйрөткөн чоң мектеп. Шахмат логикалык ой жүгүртүүнү, чечим кабыл алуу жөндөмүн өнүктүрөт.

Экөөнү айкалыштыруу аркылуу баланын интеллектин ар тараптуу өстүрүүгө болот. Тил — сүйлөө мүмкүнчүлүгү болсо, шахмат — ойдун тереңдиги. Бул экөө бирин-бири толуктап, адамды күчтүү кылат.

— Демек, сиздин сабактарыңыз жөн гана тил үйрөтүү эмес, баланын дүйнө таанымын да кеңейтет турбайбы?

— Албетте. Мен үчүн билим берүү — бул баланын келечегине багыт берүү. Англис тили аркылуу окуучу дүйнөлүк деңгээлде ойлоно баштайт. Шахмат аркылуу болсо жашоодо туура кадам таштоону, ойлонуп аракет кылууну үйрөнөт.

— Күчтүү адис болуп калып-танышыңызга кайсы сапаттарыңыз себеп болду?

— Биринчи кезекте чыдамкайлык. Мен көп жолу түнгө чейин сөз жаттап, сабактарымды кайра-кайра даярдап, өзүмдү дайыма тартипке салдым.

Экинчиден, жөнөкөй түшүндүрүү. Англис грамматикасын татаал айтып берсең, окуучу бат чарчап калат. Ошондуктан эң жөнөкөй, түшүнүктүү жол менен жеткирүү керек.

Үчүнчүдөн, мээримдүүлүк. Ар бир балага бирдей мамиле кылуу, алардын мүмкүнчүлүгүнө ишенүү — чоң натыйжа берет. Окуучу ишенген жерде гана өсөт.

— Ийгиликтин артында кандай курмандык турат?

— Ийгилик дайыма эле жеңил жол менен келбейт. Көп учурда бардык көйгөйдү өзүң жалгыз чечүүгө туура келет. Убакыт жетишпей калат. Достор, туугандар менен байланыш мурдагыдай болбой калат. Бирок адам максаты үчүн күрөшкөндө ушундай сыноолордон өтөт экен.

— Кыргызстандын жаштарына кандай кеңеш берет элеңиз?

— Эң башкысы, өмүрдү “кийин жашайм” деп күтпөгүлө. Жашоо азыр болуп жатат. Азыр аракет кылгыла. Окугула, тил үйрөнгүлө, саякаттагыла, дүйнөнү көргүлө. Мүмкүнчүлүктөн пайдалангыла. Көптөр тил үйрөнүүдөн коркот. Ката айтып аламбы деп чочулашат. Бирок ката кетирүү өсүүнүн белгиси. Комфорт зонадан чыкмайынча өнүгүү болбойт. Англис тили жаңы эшиктерди ачат. Болгону өзүң ишенип, кадам ташташың керек.

— Чет өлкөдө кыргыз кыздарына болгон мамиле кандай экен?

-Америкада аялдардын укугу жакшы корголот. Кыргыз кыздары да билим алып, мыкты окуу жайларда окуп жатышат. Ал жакта адамды улутуна карабай, билимиңе жана аракетиңе жараша баалашат. Бул чоң мотивация берет.

— Күчтүү айым болуп калыптанышыңызга эмне салым кошту?

— Билим жана жоопкерчилик. Жашоодо эч ким сен үчүн чечим чыгарбастыгын түшүндүм. Билим адамды ойлонууга, анализ кылууга, туура чечим кабыл алууга үйрөтөт. Ошондуктан күчтүү болуунун негизи — билим.

— Англис тилин үйрөнүүдө окуучуларга эң кыйын болгон нерсе кайсы?

— Көпчүлүк үчүн сүйлөө жана грамматиканы туура колдонуу кыйын. Бирок туура методика болсо, бул тоскоолдуктарды жеңсе болот. Башкысы, практиканы токтотпоо жана өзүнө ишенүү керек.

— Сабактарыңызды кандай ыкма менен өтөсүз?

— Мен интерактивдүү ыкмаларды көп колдоном. Маселен, оюндар, талкуулар, индивидуалдык тапшырмалар, практикалык көнүгүүлөр. Айтайын дегеним, окуучу кызыкса гана билим на-тыйжалуу болот.

— Англис тили менен шахматты айкалыштырып окутуунун артыкчылыгы барбы?

— Албетте. Мисалы, шахмат терминдерин англисче үйрөнүү аркылуу баланын практикасы жакшырат. Ошондой эле шахматтагы ситуациялар аркылуу тарбия берүүгө болот. Бул баланын аң-сезимин өстүрөт.

— Балдарга мотивацияны кантип бересиз?

— Ар бир баланын ийгилигин белгилеп, мактап турам. Ошондой эле максат коюуну үйрөтөм. Максат болсо — аракет күчөйт, аракет болсо — жеңиш келет.

— Билимиңиз жана учурдагы пландарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

— 2009-жылы Кыргыз Улуттук университетинин алдындагы колледжге “англис жана немис тилде-ринин мугалими” адистиги боюнча тапшыргам. Кийин лингвистика багытында жогорку билим алдым. 2014-жылы Германияда немис тилин үйрөндүм. 2019-жылы Дипломатиялык академиянын магистратурасын аяктадым. Азыр аспирантурада илимий иш жүргүзүп, онлайн платформада англис тили боюнча сабактарды даярдап жатам.

Чынайым Кутманалиева

10-февраль, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 86
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X