Бакыт Төрөбаевдин ордуна ким депутат болуп келет?

28-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 55

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Бакыт Төрөбаевдин ордуна Абдыбахаб Боронбаев Жогорку Кеңешке депутат болуп келет. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Абдыбахаб Боронбаев «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан 1.96 пайыз добуш алган.

Президенттин жарлыгына ылайык, Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

28-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 55
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X