Бакыт Төрөбаевдин ордуна жаңы депутат келди
Абдыбахаб Боронбаев “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Ага ылайык, Боронбаевге депутаттык күбөлүк жана төш белги берилди.
Белгилей кетсек, Абдыбахаб Боронбаев Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган Бакыт Төрөбаевдин ордуна келди.