Балбак Түлөбаев: Мектеп мүдүрлөрү, 20 жылдан ашык элдин канын мите курттай сордуңар

28-июнь, 2022-ж. / Редакция / Коом 38

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев мектеп дирекоторлоруна кайрылуу жасады:

«Калайык!
Мага Бишкектеги мектеп директорлору салам дубай айтышыптыр.
Урматтуу мүдүрлөр күзгүгө каранып анан мага кайрылгыла. Баары эмес көбүңөр алдыңарда тепкен кымбат машине, үстүңөрдөгү кымбат үйлөр, чет өлкөдөгү квартираларыңыр кайдан алдыңар. Быйыл эле айлыгыңар көтөрүлдү. 20 жылдан ашык отуруп элдин канын мите курттай сордуңар. Мугалимдер эмес мектеп мүдүрлөрү. Мектепти өз мүлкүңөрдөй ээлик кылдыңар. Уялбай мектеп ичине керек болсо самсыкана салып алдыңар. Канча ата-эне келди пара алды деп. Жазып бергиле десем баласын аяп болбойт. Аз иштеп калдым да силерге жетпей ушуга өкүнөм. Баарыңардын үй мүлкүн текшертиш керек. Баардык ата-энелерге кайрылам, коркпогула, жаздырып алып мага жибергиле. Булар менен күрөшүүгө убакыт келди. Баарын текшеребиз. Ушулардын айынан билим берүү системасы начар абалда. Шаардык билим берүүнү өкмөт алсын. Шаар чарбалык ишине карасын», — дейт ал.

 

28-июнь, 2022-ж. / Редакция / Коом 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X