Балдардын көйгөйлөрү жана сунуштары Нарында талкууланды

25-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 104

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Нарын шаарындагы В.П. Чкалов атындагы мектепте «Балдар маанилүү нерселер жөнүндө бизди угушат» деген аталыштагы жолугушууга катышты. Жолугушуунун максаты балдар ыйгарым укуктуу өкүлгө түз кайрылып, аларды ойлонткон маселелерди айтып, чечүү жолдорун сунуштай ала турган ачык жана коопсуз диалог аянтчасын түзүү болду. Иш-чарага 12 жаштан 16 жашка чейинки балдар, «Жарандык катышуу» коомдук фондунун, ЮНИСЕФтин жана башка өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жолугушууда балдардын коопсуздугу, билим берүү, ден соолук, анын ичинде психикалык ден соолук, ошондой эле чечимдерди кабыл алууга катышуу укугу боюнча маселелер талкууланды. Топтук иштин жүрүшүндө балдар актуалдуу көйгөйлөрдү белгилеп, ыйгарым укуктуу өкүлгө кайрылуу механизмдерин жакшыртуу боюнча сунуштарын беришти. Алар чоңдорго жана психологдорго болгон ишеним, кайрылуулардын купуялуулугу жана өз убагында кайтарым байланыш алуу маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Ыйгарым укуктуу өкүл балдардын пикирлерин угуп, суроолоруна жооп берди жана мындан ары кароону талап кылган темаларды белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева иш сапардын алкагында Нарын шаарындагы «Мейкин» реабилитациялык борборуна жана Миң-Булак айыл аймагындагы Жумгалбек Солтонкулов атындагы кризистик борборго барды.

Анда балдардын жашоо шарттары жана аларга көрсөтүлүп жаткан жардамдын уюштурулушу каралды. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча балдардын сунуштары топтолуп, ыйгарым укуктуу өкүлдүн мындан аркы ишинде эске алынат.

25-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 104
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X