«Барселона» клубунун кыздары да кыйын экен
Айымдар футболу боюнча Чемпиондор лигасын «Барселона» клубу өз тарыхында быйыл биринчи ирет жеңип алды. Финалдык оюн 17-майда Швециянын Гётеборг шаарында өтүп, Испаниянын «Барселона» клубу Англиянын «Челси» клубун 4:0 эсебинде ишенимдүү жеңип алды.