БАШ КАЛААДА 20 МЕКТЕПТИН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ
Өлкө башчыбыз Садыр Жапаровдун койгон тапшырмасына ылайык, үстүбүздөгү жылы Бишкек шаарына жаңы 20 мектеп куруу пландалган. Президенттин тапшырмасынын негизинде 31-январда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев тиешелүү департаменттердин жетекчилери менен биргеликте Бишкек шаарында курула турган социалдык объектилердин долбоорлору жана курулуш аянттары менен таанышып чыкты. Эмесе, баш калаада салына турган билим берүү уялары кайсыл райондордо жайгашаарын тизмектеп көрөлү:
Октябрь району боюнча:
– Көк-Жар конушунун Куйручук көчөсү, 123/1 дарегиндеги №88 орто мектепке кошумча 500 орундуу окуу корпусу. Түштүк пландоо зонасынын Токомбаев көчөсү, 15/8а дарегине жаңы мектеп. №8 кичи району 19/1 дарегиндеги №64 орто мектебине кошумча окуу корпусу. Өскөн-Ордо конушуна 750 орундуу жаңы мектеп. Кара-Жыгач конушунун Оберон көчөсү, 18/1 дарегиндеги №91 орто мектебине кошумча корпус. Көк-Жар айылынын Кийизбаев-Алапаев дарегине жаңы мектеп.
Ленин району боюнча:
– Алыкулов көчөсү 1 дарегиндеги №42 орто мектепке кошумча корпус. Кашка-Баш айылына №84 жаңы мектеп. Ак-Ордо конушунун Теңир-Тоо көчөсү, 1 дарегине 750 орундуу жаңы мектеп. Гагарин көчөсү, 166 дарегиндеги №55 орто мектебине 1200 орундуу кошумча корпус. Жал кичи району 29 дарегиндеги №72 мектепке кошумча корпус. Арча-Бешик конушунун Садыбакасов, 94 дарегиндеги №79 мектепке кошумча корпус.
Биринчи май району боюнча:
— Калыс-Ордо конушунун №86 орто мектебине өзүнчө кошумча корпус. Дача-СУ конушуна жаңы билим ордосу. Васильев көчөсү, 169 дарегине жана Достук айылына 750 орундуу жаңы мектеп. Кудайберген базарында 1200 орундуу жаңы мектеп.
Свердлов району боюнча:
– Дордой конушунун Дордой Аул-13-12 көчөсүндөгү №94 мектепке кошумча корпус. Дубосековская көчөсү, 39а дарегинде жайгашкан №32 орто мектебине кошумча корпус. Сеченов көчөсүндө жайгашкан №46 мектепке кошумча корпус.
Жалпысынан Бишкек шаары боюнча 20 объект каралган (Октябрь району 6, Ленин району 6, Биринчи май району 5, Свердлов району 3). Министр Нурдан Орунтаев аталган объекттердин курулуш аянттары жана долбоордук документтери менен таанышып, департаменттердин жетекчилерине тиешелүү тапшырмаларды берди. Учурда курулуш иштеринин алгачкы этабы башталды.
Аныгында борбор калаада өлкөдөгү күч алган ички миграциянын айынан окуучулардын саны мектептердин долбоордук кубаттуулугунан бир нече эсеге жогору болуп, ушу тапта бир класста 60-70 окуучу окуган көрүнүштөр жүздөп саналат. Курулуш министрлиги тарабынан баш калаабызга 20 мектептин долбоор-дук-сметалык документтери бекитилип, аларды ишке ашыруу боюнча тиешелүү иштер кызуу жүргүзүлө баштады. Социалдык объектилер республикалык бюджеттен каржыланууда. Долбоор ийгиликтүү ишке ашса, шаардагы мектептер ашыкча “жүктөн арылып”, билим берүүнүн сапаты жогорулайбы? Бул көрүнүшкө алдыда кенен кайрылмакчыбыз.
Калыгул Бейшекеев