"Эркин-Тоо"

Башкы прокуратуранын алдында бир адам өзүнө өрт койду

Бүгүн  Башкы прокуратуранын алдында бир адам өзүн өрттөп жиберди. Бул тууралуу маалымат  жарандык активист Ыргалай Бекмуратованын социалдык баракчасына жарыяланды. Өзүнө өрт койгон жаран   кыймылсыз мүлк маселеси боюнча адилеттик таппай, өзүн өрттөөгө барган.Маалыматты «Тез жардам» кызматы журналисттерге ырастады. Ага ылайык, өзүн өрттөгөн жаранга дарыгерлер алгачкы жардам көрсөтүшкөн.
Башкы прокуратура бул окуя боюнча комментарий бере элек.

 

Пример HTML-страницы