"Эркин-Тоо"

Башкы прокурор жарандарды кабыл алды

Бүгүн башкы прокурор Максат Асаналиев үчүнчү Элдик курултайдын делегаттары менен түз диалог өткөрүп,  кайрылууларды жеринде кабыл алууда.

Делегаттар негизинен укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү, мамлекеттик органдардагы мыйзам бузуучулуктар, жер боюнча жана социалдык маселелерге байланышкан кайрылууларды узатышты.

Башкы прокурор аталган маселелердин мыйзамдуу чечилишин жеке көзөмөлүнө алаарын жана ар бир арыз-даттануу боюнча кылдат каралып, тийиштүү чаралар көрүлөрүн билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында III Элдик курултай өтүүдө.

Пример HTML-страницы