Баткендин Максат айылында жаңжал учурунда талкаланып, өрттөлгөн үйлөрдүн ордуна жаңы үйлөрдүн курулушу бүгүн 11-майда башталды. 1200 адам жашаган Максат айылында 89 үй, мектеп, бала бакча, ФАП, милициянын аймактык пункту, айыл башчынын имараты өрттөлүп, жараксыз абалга келген.
Азыркы учурда айылда 50гө жакын убактылуу үйлөр тургузулуп, электр энергиясы калыбына келтирилип, таза суу, сугат суу берилип баштады.