Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды

27-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 38

Кечээ 26-декабрда саат 23:22де Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык жер титирөөнүн күчү очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Кадамжай районунун Лангар айылынан түндүк-чыгышка карай 6 чакырым, Эгин-Жай айылынан түштүк-чыгышка карай 7 чакырым, Кара-Оток айылынан түштүк-батышка карай 15 чакырым жана Ош шаарынан түштүк-батышка карай 95 чакырым аралыкта жайгашкан. Анын күчү Лангар айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

27-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Жаңылыктар 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X