Баткенде коомдук алдын алуу борбору ачылды

6-июль, 2022-ж. / Редакция / Коом 36

Баткенде коомдук алдын алуу борбору ачылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 6-июлда Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында Ички иштер министрлиги жана “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук фонду жана Saferworld уюму менен кызматташтык долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчилигинин баңгизаттар жана укук коргоо органдары менен байланышкан эл аралык иштер боюнча бюросунун колдоосунун астында коомдук алдын алуу борборунун имаратынын ачылуу аземи болду.

Ачылуу аземге Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Кубанычбек Колдошов, Баткен  районунун акими  Учкун Жоробаев, Баткен районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Шагамурзаев, КААБдын мүчөлөрү, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Бул коомдук алдын алуу борборунда аксакалдар соту, аялдар кеңеши ошондой эле жаштар кеңеши милициянын участкалык уполномоченныйы менен биргеликте жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алышып, иш алып барышат.

КААБтын ар бир мүчөлөрүнө өз алдынча иш бөлмөлөр бөлүнүп берилип, заманбап техника, эмеректер менен камсыздалган.

Программанын алкагында, 2021-22-жылдары Ак-Татыр коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) капиталдык курулушуна 400 000 сом, компьютердик жабдуулар, эмеректер менен камсыз кылууга 315 187 сомдук  финансылык жардам көрсөтүлгөн, Ак-Татыр айыл аймагы тарабынан курулуш иштерине 1 115 739 сом  жардам берилген.

Ак-Татыр айыл аймагында 7 миңге чукул эл жашап, Ак-Татыр, Рават айылдарын камтыйт.

6-июль, 2022-ж. / Редакция / Коом 36
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X