"Эркин-Тоо"

Баткенде курулуш иштери сентябрь айына чейин бүткөрүлөт

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов пресс-конференция маалында билдирди.
Анын айтымында, чек-арада болгон чыр-чатактын натыйжасында 136 турак үй, анын ичинде Лейлек районунда 96, Баткен районунда 43, талкаланган. Учурда жеринде талкаланган үйлөрдү тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. 136 турак үйдөн 52 турак үйдүн орду тазаланганын кошумчалады. Жалпысынан Лейлек районунан 8056 м3, Баткен районунан 1761 м3 курулуш таштанды чыгарылган. Ишке 33 бирдик техника жана 115 куткаруучу тартылган. Урматбек Шамырканов, өз кезегинде, жардам берип жаткан курулуш компанияларына, жеке ишкерлерге жана диаспоралардын өкүлдөрүнө ыраазычылык сөзүн айтты.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!