Баткенде ымыркайын мечитке таштап кеткен 16 жаштагы эне кармалды

11-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 32

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Кызыл-Кыя шаарындагы мечитке ымыркайын таштап кеткен эне табылганын билдирди.

  • Милициянын маалыматына ылайык, ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 10-январда Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын 16 жаштагы тургуну аныкталып, кармалды. Ушул тапта тергөө иштери уланууда.Эске салсак, 3-январь күнү “Аль Гуфран” атындагы мечитке эртең менен азан чакыруу үчүн молдо барган учурда мечиттин ичинде ак шейшепке оролгон эркек бала табылган.
11-январь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 32
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X