Баткенде жер титиреди

Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту ӨКМ кабарлаган.
Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн саат 09:09да болуп,  Кадамжай районунун Пүлгөн, Таш-Кыя, Ынтымак айылдарында 4 балл, Шуран, Котур-Булак, Жийделик, Кызыл-Булак, Кулду айылдарында жана Кызыл-Кыя шаарында 3 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X