Баткендеги автомектептерде мыйзам бузуу аныкталды

11-февраль, 2026-ж. / Редакция / Аймак 62

Баткен облусунда автомектептерге курсанттарды мыйзамсыз кабыл алуу боюнча коррупциялык схема аныкталды.

Маалыматка караганда, айрым жеке менчик автомектептердин жетекчилери уюшкан схема аркылуу жарандарды Кыргызстанда болбогонуна карабастан, окууга каттаган. Сабактар теориялык да, практикалык да өтүлбөй, окууну бүтүрдү деген жасалма документтер даярдалган.

Натыйжада жол эрежесин толук билбеген жарандар жасалма сертификаттардын жана айрым кызмат адамдарынын жардамы менен экзамендерден өтүп, айдоочулук күбөлүк алып келген.

11-февраль, 2026-ж. / Редакция / Аймак 62
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X