Баткендеги чек арада кыргыз-тажик делегациялары жолугушту

10-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 63

Кечээ, 9-мартта Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев баш болгон делегация Тажикстандын Исфара районунун төрагасы Баховадин Баходурзода жетектеген делегация менен Ак-Сай айылынын Тумба аймагында жолугушту. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, чек арадагы коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо, чагымчыл аракеттерге жол бербөө максатында уюштурулган жолугушууга УКМКнын Баткен райондук бөлүмүнүн башчысы, Баткен районунун прокурору, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, №2022 аскер бөлүгүнүн командири, райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы, Ак-Сай, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчылары катышты. Анда чек ара аймактарында коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо, чыр-чатактардын алдын алуу, болтурбоо, чарбалык-ирригациялык маселелер, эки элдин ортосундагы ынтымакчылыкты калыбына келтирүү, мыйзамсыз курулуштарды болтурбоо, жазгы талаа иштерин жүргүзүүдөгү чыр-чатактардын алдын алуу сыяктуу маселелер каралды.

Андан сырткары эки элди түрдүү провокациялык чакырыктарга алдырбоо жактары каралып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен чек аралаш аймактарда эки тараптуу туруктуулукту сактоо туурасында сүйлөшүлдү.

10-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 63
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X