Баткендеги кесиптик лицейлердин абалы текшерилип, бир катар көйгөйлөр аныкталды
Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен облусундагы кесиптик лицейлердин жана мектептердин абалы менен таанышып, билим берүү мекемелериндеги көйгөйлөрдү жеринен көрүп чыгышты.
23-ноябрда өткөн көчмө жыйынга комитет төрагасы Ырысбек Атажанов баштаган депутаттар катышты. Иш-чара кесиптик башталгыч билим берүү тармагындагы мыйзамдардын аткарылышын текшерүү максатында уюштурулган.
Эл өкүлдөрү Баткен шаарындагы №57, Кадамжай районундагы №37, №53 жана А.Солтонов атындагы мектептерге, ошондой эле Айдаркен шаарындагы билим берүү мекемелерине барышты. Мындан тышкары №33, №115, №7 жана №8 кесиптик лицейлердин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Мониторинг учурунда бир катар окуу жайлардын имараттары оңдоого муктаж экени аныкталды. Маселен, №33 кесиптик лицейдин окуу корпусу, жатаканасы жана ашканасы капиталдык оңдоого муктаж. Жылуулук системасы начар болгондуктан, класстар менен жатакана темир мештер аркылуу жылытылууда.
№115 кесиптик лицейге жатакана, ашкана жана маданий иш-чаралар өтүүчү зал керек. Ал эми №7 кесиптик лицейдин имаратын реконструкциялоо жана жатаканасын капиталдык оңдоодон өткөрүү зарыл. Төрт кабаттуу жатакананын учурда эки кабаты гана пайдаланылууда.
Депутаттар ошондой эле кесиптик билим берүүнүн сапаты, окуучулардын практикалык даярдыгы, окуу жайларды жабдуулар менен камсыздоо жана бүтүрүүчүлөрдү ишке орноштуруу маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары чек арага жакын аймактарда калктын саны өсүп жатканын эске алып, жаңы мектептерди жана бала бакчаларды курууга республикалык бюджеттен каражат бөлүү зарылдыгын белгилешти.
Көчмө жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да катышты.