Баткенге жардам ирээтинде атайын эсепке 115 млн сом чогулган

Учурда Баткен облусунун чек ара чырынан жабыркаган аймактарына жардам берүү ирээтинде атайын эсепке элден 115 млн сом согулган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин өкүлү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында бүгүн 16 июнда билдирген.

«Баткендин жабыркаган аймактарына жардам ирээтине элден 115 млн сом жардам атайын эсепке түшкөн. Бул акча губернатору тарабынан жабыр таркандарга бөлүнөт» — деди ал.

Ошондой эле чек ара чырынан 136 турак жай жабыркаган. 100 үйдү Туркия тарап 36 үйдү жеке компаниялар куруп берет.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X