Батырбек Абдымамытов: “Балдарга болгон камкордук, сүйүү жемишин берет”
Кочкор райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Батырбек Абдымамытов:
- Абдымамытов Батырбек Садыкович 1954-жылы 15-февралда аталган райондун Төлөк айылында жарык дүйнөгө келген.
- Эмгек ишмердүүлүгүнө токтолсок:
- 1971-1973-жж. Соң-Көл совхозунда жардамчы чабан.
- 1973-1975-жж. Советтик армияда кызмат өтөгөн.
- 1975-1976-жж. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун даярдоо бөлүмүндө окуйт.
- Ал эми 1981-жылы аталган айыл чарба институтун аяктайт. Инженер-механик кесибине ээ болот.
- 1981-1985-жж. Соң-Көл совхозунун инженери, МТМ башчысы.
- 1985-1986-жж. Фрунзе колхозунда башкы инженер.
- 1986-1990-жж. Соң-Көл совхозунун профкомунун төрагасы.
- 1990-1996-жылдары Төлөк айылдык кеңешинин төрагасы.
- 1996-1997-жж. Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси, аппарат жетекчиси.
- 1997-2000-жылдары Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы кызматы менен катар ”Кочкор” мамлекеттик асыл-тукум кой өстүрүү заводунун директору.
- 2000-2005-жж. “Кочкор” мамлекеттик асыл-тукум кой өстүрүү заводунун директору.
- 2006-жылдан бери көйгөйү, арманы арбын райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгын жетектеп келүүдө. Тажрыйбалуу жетекчи артта калган мекемени алдыңкы мекемелердин сап башына жеткирди.
- Алган сыйлыктары:
- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын эмгек сиңирген кызматкери”. КР Президентинин Ардак грамотасы, КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы “Манас-1000” медалынын ээси. Социалдык коргоонун отличниги, Мамлекеттик кызматынын отличниги. КР социалдык коргоо министрлигинин, Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын жана Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын бир нече Ардак грамоталары менен сыйланган. Нарын облусунун жана Кочкор районунун “Ардактуу атуулу”.
- Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.
— Батырбек Садыкович, айтканга оор тийсе да айтып коюуга тийишпиз. Камкордукка, жардамга муктаж майып, алсыз, жарды үй-бүлөлөргө жашоосун, ден соолугун оңдоо оңойго турбайт. Жарык маанай, күлкү эмес – күйүт, көз жаш коштогон жерде жетекчи болуп иштөөгө кандайча бел байлап калдыңыз?
— Бул кызматты беришкенде 1-2 жыл иштеп, кетем го деген ойдо элем. Анткени, мекеме 1927-жылы курулган почтага жайгашкан экен. 2006-жылы 7,5 балл жер титирөө болгондо таптакыр жарактан чыгып калат. Караган, көңүл бурган бир да киши жок. 4 жыл ар кайсы жерге ижара акысын төлөп, көчүп жүрдүк. Бул оор тармактын жүгү, салмагы мени тап жылдырбай кармады. Жетим-жесирлер, майыптар, кароосуз калган балдар, карыялар, ажырашкандар, жумушсуз-ишсиз жүргөн жаштардын көйгөйлөрүн көрүп туруп, башка ишке өтүү үмүтүмдү өчүрдүм. Аялуу катмардын жакшы жашоосу үчүн болгон күчүмдү жумшап, аракетимди аябадым. Мына эми ал кыйын мезгилдер артта калды. Ашып кетсе 2 жыл иштейм деген элем, мына ушул жерде жетекчи болуп келгениме 16 жыл болуп калыптыр. Жарым кылымдан ашык (51 жыл) иш тажрыйбам, уюштуруучулук жигерим талаага кетпеди. Жемишин, үзүрүн берди. Кээде: “Кечтим байдын кызынан” деп кете бергенимде бул мекеменин келечеги кандай болмок?! Кетпей туура жолду тандапмын, мына эми кечээги караңгылык тарапты, жарык нур курчай баштады деп каниет кылып калам. Айтканга оңой болгону менен жасаганга кыйын, алдыда дагы көп иштер, милдеттер бар.
Айталык, кечээги кейиштүү мезгилде муктаждар жарыбаган жөлөкпулдар менен гана чектелип калган. Башка пайдалуу иш-чаралар көздөн учуп турган. 2010-жылы балдарды жана үй-бүлөнү коргоо, ошондой эле 2016-жылы жумушсуздарды иш менен камсыз кылуу бөлүмдөрү ачылды.
Курч социалдык көйгөйлөр ички жана сырткы миграциянын күч алышынан болуп көрбөгөндөй жанданды. Ата-энелердин ажырашып кетиши, жумушсуздуктун айынан чет мамлекеттерге агылуу, балдарын жакындарына таштап салуу не деген абийирдүү жерге айткыс азаптарды жаратты. Зордук-зомбулукка дуушар болгон балдардын 95 пайызы ошол жакындарынан жабыркагандар. Ошол балдарды сактап калуу, колдоо көп күчтү, эмгекти талап кылууда.
Улуттук статистиканын маалыматы боюнча жаңыдан үйлөнгөндөрдүн 28 пайызы тез эле ажырашып кетишүүдө. Себеби, жаштар турмуш курууга даяр эмес, кайдыгерлик, жеңил ойлуулук ойрон кылууда. Жердешчилик, динчилдик өңдүү түшүнбөстүктөр, каардуу кайын энелер менен келишпестиктер, каржы каражаттарынын жетишсиздиги, турмуштарынын начарлыгы жана башка көйгөйлөр жаңы үй-бүлөнүн урашына түрткү берүүдө. Мына ушундай узун сабак кемчиликтердин орун алышы – барып-келип эле сабатсыздыкка барып такаларын турмуш ырастоодо. Ошентип, айтылган армандардын алдын алуучу иш-чараларды жандандыруучу долбоорлордун үстүндө иштөөгө белсенип кириштик.
“Үй-бүлөлүк камкордук, турмуштук оор абалдагы үй-бүлөлөр үчүн коомчулук деңгээлинде үй-бүлөнү бекемдөөгө багытталган социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында социалдык кызматтарды чыңдоо максатында алгач Кочкор, Көк-Жар жана Талаа-Булак айыл аймактары тандалып алынды. Кочкор айыл аймагы райондун борбору. Көк-Жар айыл аймагы райондун борборунан 7, Талаа-Булак айыл аймагы райондун борборунан 60 чакырым алыс жайгашкан. Бул пилоттук 3 айыл аймактарында социалдык кызматтарды ырааттуу жолго салуучу курамы бекитилди. Айыл аймактардын социалдык жактан коргоо башкы адистери, райондук башкармалыктын социалдык кызматкерлери, мектептердин социалдык мугалимдери, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, айыл аймактардагы медициналык кызматкерлери, айыл аймактардагы аксакалдар сотторунун төрагалары курамга кирип, биримдик менен иштер илгериледи. Курамга чейин айыл аймактарындагы социалдык кызматкерлердин күчү, мүмкүнчүлүгү бардык социалдык көйгөйлөрдү толук кандуу чечүүгө жетишкен эмес. Демек, бекемделген курам кубаттуу күчкө айланды. Кездешкен көйгөйлөрдү чечүү, турмуштук оор кырдаалга (ТОК) кабылган үй-бүлө мүчөлөрүнүн өздөрүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу ыкмалары боюнча окутуулар таасирин тийгизди. Негизги 4 категория боюнча иштер жүргүзүлдү. 1- категорияга дурус абалдагы үй-бүлөлөр кирет. Мындай үй-бүлөлөргө керектүү кеңештер, багыттар берилет. 2-категорияга жардамга муктаж үй-бүлөлөр кирет. Мында ата-энелердин көндүмдөрүн жакшыртууга басым жасалат. Ошону менен бирге “Үй-бүлөгө көмөк жөлөкпулун” чектөөгө көңүл бурулат. 3-категория ТОКдагы үй-бүлөлөр кирет. Буларга социалдык коштоо, социалдык төлөмдөр кызматы көрсөтүлөт. 4-категория социалдык жактан коркунучтуу абалда турган үй-бүлөлөр. Эң башкы маселе баланы коргоо , азапка салган ата-энесин жоопко тартуу, баланы альтернативдүү камкордукка жайгаштыруу кызматтары көрсөтүлөт. Аталган 3 пилоттук айылдагы долбоорубуздун алкагында жүргүзүлгөн иштер кайтарымын берди. Социалдык кызмат көрсөтүүгө көмөк көрсөткөн күчтүү курамдын мээнеттери акталды.
Жасалган жагымдуу иштер жогору бааланып, акимчиликтин 7-август 2019-жылдагы №171 буйругу менен мына ушундай иштерди калган 8 айыл аймагына жайылтуу буйругу чыккан. Буйрук чагылгандай тез тарап, айыл аймактарындагы жаштар, аялдар уюмдары, кеңештери, ал тургай айыл аймактарындагы ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү социалдык кызмат көрсөтүүгө киришип, курам дагы толукталып, күчүбүзгө күч-демибизге дем кошулууда.
— Баткен облусунда “Энелер мектеби” уюштурулуп, балдарын таштап алыска иштегени кеткен көп энелердин көздөрү ачыла баштаган. Эненин ордун эч ким алмаштыра албайт. Балага энелик сүйүү керек. Сиздер да балдарга болгон сүйүүнү ойготууга олуттуу салым кошуп жатыпсыздар. Ушул нукка сөздү бурсак…
— “Балдарды позитивдүү тарбиялоо” боюнча жакшы багыттарды баштадык. Биздин артыкчылык энелерди эле эмес, аталарды да окууга тартууну көздөп жатабыз. Баса, сөз кезеги келгенде айта кетейин, биздин башкармалыкта иштеген социалдык кызматкерлердин 80 пайыздан ашыгын эркектер, мырзалар түзөт. Зомбулукка туш болгон балдарга боор толгоодо, зомбулук көрсөткөндөр менен тил табышууда эр азаматтарыбыздын эмгеги зор. Аталардын, агалардын да окуйбуз дегендерине караганда мырза коллегаларыбыздын таасири айрыкча тийди көрүнөт. Биз менен кечээги айыл өкмөттүн башчылары иштеп жүрөт. Баамымда башка район, шаарлардагы социалдык өнүгүү башкармалыктарында көбүнчө айымдар, аялдар көптүк кылат.
“Балдарды позитивдүү тарбиялоо” боюнча окуулардан өтүшүп 6 кызматкерибиз сертификаттарын алып келишти. Баары билимдүү. Учурда 168 ата-эне окууларга катышып, жан дүйнөлөрүн байытты. Бактылуу үй-бүлө куруунун купуя сырларын өз жашоолоруна жанаштыра башташты. Мээримдүү ата-эне болуу ырахатын тартуулоодо бул окутуулар олуттуу роль ойноду.
Окутуунун чыңдалышы үчүн райондук билим берүү бөлүмү менен тыгыз байланыштабыз. Биргелешкен иш план түзүлгөн. “SOS балдар айылдары-Кыргызстан” коомдук фондунун колдоосу менен райондук билим берүү бөлүмүнүн 26 социалдык мугалимдери тийиштүү сертификаттарга ээ болушту. Окутуулар негизинен 8 темадан турат. Үй-бүлө баалуулуктары ар тараптан ачылып берилет. Тарбиялоонун позитивдүү ыкмалары ырааттуу өнүгүү жолун улайт. Ар кандай жамандыктардын алдын алууда окутуулардын салымдары айтып болгус.
Балдар демекчи , “3 жашка чейинки балдарга эрте кийлигишүү кызматтарын көрсөтүү жана жакыр үй-бүлөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу аркылуу балдардын майып болуу коркунучун азайтуу “ боюнча долбоорубуз да кадамдады. Бул долбоордун мааниси зор. Долбоордун программасын аткарууга 50 үй-бүлө тандалып алынды. Балдарды туура такмактандыруу, уктатуу, ойнотуу жана башка бардык зарыл камкордуктар тартууланат. Ал тургай там артындагы ээн жерине кандай жер-жемиштерди, өсүмдүктөрдү өстүрүүгө чейин окутулат. “Балдар жаш чагынан туура тамактанса, тийиштүү камкордуктарга сүйүү менен бөлөнүп өссө, жакшы болот турбайбы” деген тыянакка жетсек деген “Жакшы тилек – жарым ырыс” менен аталган 3 жашка чейин долбоордун программасын аткарууга аттандык. “Буйруса, 3 жашка чейинки балдарыбыз жакшы багытта чоңоюшуп, бакканга жараша туура, дени сак калыптанып, иш жүзүндө ишенимдерибизди бекемдейт” деген ойдобуз. Ойлорубуз ордунан чыкса, сындан өтсөк мындай өрнөктүү долбоорлорду уланта бермекчибиз.
— Батырбек Садыкович, бош жүргөн жумушсуз калк катмарын коомдук иштерге тартууда айтарлык саамалыктарды жаратыпсыздар. Калганын өз оозуңуздан уксак…
— Ооба, бош жүргөн калк катмарын коомдук иштерге тартуу багытында жарк эткен, нукка түшө баштаган иштерибиз арбын. Бул багыттагы бурулуштарды жеринде көрүү, таанышуу боюнча бизде республикалык семинар-кеңешме болуп, жасаган жагымдуу иштерибизди жети дубандын башкармалыктарынан келген жетекчилери, адистери көрүшүп, күбө болуп кетишти. Тан беришти.
Айталык, кийинки кезде кайсы гана жерде болбойлук таштанды чыгаруу, тазалоо маселеси көкөйүбүзгө көк таштай тийди. Айлана-чөйрөнү таза күтүү, экологияны көздүн карегиндей сактоо көйгөйү көтөрүлүүдө. Бирок, ага жеткиликтүү көңүл бурган коомчулук жокко эсе. Туш тарапта желим пакеттер, идиштер чачылып жатат. Айлана ыплас. Биз мына ушул тегерек-четтеги таштандыларды тазалоого бош жүргөн адамдарды тартып, эмгек акысын төлөп бердик. Таштандылардын кагаз-кардондорун бир башка, желим пакет, идиштерин бир башка, калай, темир-тесектерин бир башка чогултуу маданиятын көтөрдүк. Көрүнгөн булуң-бурчка таштандыларды ыргытпай белгилүү точкаларга чогултууга элди үндөдүк. Семиз-Бел айыл аймагына таштандыларды чогултуучу аянт ачылды, тегереги курчалды. Теңдик, Семиз-Бел, Кочкор айылдарынын жол жээктеринде таштандыларды тазалоо колго алынды. Жасаган кол кабыштары үчүн 110 адамга тийиштүү эмгек акыларын төлөп бердик. Айыл жеринде пешене тер менен тапкан аз акчанын да көптөй берекеси болот. Жарк эткен жаңылык: Семиз-Бел айыл аймагынан бир ишкер жигит чыгып, таштандыларды кайра иштетүүчү муниципалдык ишкананы ачты. Таштандыларды сорттоого 4 айылдан иштөөчүлөрдү тартып, акысын төлөп берүүгө макулдаштык. Курулуш иштери да кулачын жайды. Көк-Жар айыл аймагынын жетекчилиги менен биргеликте жаңы салынып жаткан бала бакчанын курулушу боюнча долбоордун каржылык суммасын бышыктадык. Куруу иштерине жумшалуучу жалпы каржы 2183015 сомду түзсө, мындан 1021920 сому биздин башкармалык тарабынан каржыланып, бала бакчанын дубалы толук көтөрүлүп бүттү. Жумушка тартылган 79 жумушсуз жана жумуш издөөчү жарандарыбызга 3 айлык эмгек акыларын банк аркылуу которуп бердик.
Жумушсуздарды жумушка тартуу бир тең болсо, кесипке үйрөтүү бир тең. Мыкты кесип ээлери жерде калбайт. Мисалы, №15 кесиптик лицейинде Комсомол айылынан 12, Осовияхим айылынан 14 кызыбыз тикмечилик курстарды окуп бүтүшүп , натыйжада ошол эле айылдардагы жеке ишкерлердин тигүү цехтеринде жумуш менен камсыз болушту. Нарын окутуу борбору аркылуу кыска мөөнөттүү 10-14 күнгө чейинки курстар эшигин ачты. Үй шартында сүттү кайра иштетүү боюнча окуу курстарын ийгиликтүү аякташып, сертификаттарга ээ болушту. Натыйжабыз мактанарлык. Ак-Кыя айыл аймагына караштуу Кара-Суу айылында сүттү кайра иштетүү боюнча 10 жумушсуз кыз-келиндер биргелешип “Ак-Бийке” аттуу сүттү кайра иштетүүчү цехти ачышып, өндүргөн продукцияларын элге сатышып, оозго алынышууда. Кийинки кезде айыл жерлеринде мал көбөйдү. Тилекке каршы, мал доктурлар жетишпей көздөн учуп калды. “Медицина бир адамды дарыласа, ветеринария адамзатты дарылайт” деген сөз бар. Малың аман болсо – жаның аман болот. Ошондуктан мал жарыктыкты ылаңдан алыстатып, убак-сааты менен дарылаш кажет. Чолпон айылынан 24 жумушсуз мал дарылоо адистиги боюнча аталган борбордон окушуп, фермерлерге, элге ветеринардык жардамдарды көрсөтүшүүдө. Бүгүнкү күндө уюлдук телефондорсуз жашоону элестете албай калдык. Демек, айылдыктар бузулган телефондорду оңдоочу мастерлерге муктаж. Шаарларга чуркашпай, жандарында эле жашаган мастерлерге кайрылышсын деп, уюлдук телефондорду оңдоо адистигине да ээ кылууну көздөдүк. Аталган окутуу борборунан 12 жаранды окуттук эле, мындан экөөсү өз алдынча оңдоо боюнча ишкерликтерин илгерилетип жатышат. Айта берсек мисал көп.
— Жардамга муктаждарга көрсөтүп жаткан даректүү колдоолоруңуздар алкоого арзыйт. Көрсөтүлгөн көмөк, жардамдарыңыздар текке кетпес.
— Кыргызда: “Алгандан эмес, бергенден болоюн” деген жакшы сөз бар. Кочкор эли бакыбат, бардар жашаган эл болот. Ырас эле мыкты ишкерлерибиз, колунда бар бардар жашагандарыбыз жардамга муктаждарга кандай жардам беришсе, аларга Жараткан ошончолук батасын төгүүдө. Бирөөгө кылган жакшылыгың текке кетпей, берекесин берет экен. 45 жалгыз бой кары-картаңдарга, кары жубайлар жашаган 1 үй-бүлөгө, 19 ДМЧларга, оор кырдаалга кабылган 61 үй-бүлө жана балдарга жардам берилүүдө. Мисалы, 16 адамга ишкерлер тарабынан айына бир жолу бекер азык-түлүк, 2 үй-бүлөгө жума сайын навайканалардан нан бекер берилет. 6 ДМЧга аптекалардан айына бир жолу бекер дары-дармектер 800 сомдун тегерегинде жеткирилет. 4 адам ашканалардан жумасына эки жолу бекер ысык тамак менен тамактанышат. 25 жетим жана турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөдөгү балдар чач тарачтарда чачтарын бекер тегиздетсе, оор кырдаалга кабылган 33 адам жана балдар мончолорго бекер жуунуп чыгышат. Эт дүкөнүнөн 3 адам эт азыктарын алып турат. Демөөрчүлөр аркылуу 4 үй-бүлөнүн ар бирине айына 500 сомдон пул берилет. Ошондой эле бир демөөрчү бир үй-бүлөгө кварталына 3000 сомдон соопчулук кылат. Андан сырткары башкармалыктын жамааты жана башка ыктыярчылар менен биргеликте мурда колдонулгандыгына карабастан сапаттуулугу менен айырмаланган түрдүү кышкы жана жайкы, жазгы, күзгү кийимдер чогултулуп, муктаждарга таратылып берилүүдө.
— Жардам, колдоолор тууралуу айта берсек чекеси оюлар эмес. Алдыдагы албан максаттарыңыз тууралуу айтып берсеңиз? Кабырганы кайыштырган кайгы-капалардан канткенде кутулабыз?
— Албетте, кайгы-капа торунан кутулуунун жолдорун 3 жылдан бери издеп жатабыз. Андыктан, “Үй-бүлөгө жана балдарга комплекстүү социалдык жардам көрсөтүү жарым стационардык борборун куруу” долбоорун сунуштадык. Борбордун имаратын курууга 10 сотых жер берилген. Борбордун максаты зордук-зомбулукка туш болгон балдар баш болгон бардык муктаждарга, майыптарга жардам көрсөтүү, ыйлап келсе сооротуу, көңүлдөрүн көтөрүү, кыскасы жашоого болгон көз карашын түз, оң жолго буруу, өчкөн үмүттөрүн тутантуу болуп саналат.
Өкүнүчтүүсү, социалдык кызматкерлер, майыптарды караган, баккандар өздөрү эс алуу эмне экенин билише элек. Андыктан алар үчүн 3 күндөн эс алдырууну уюштуруп турууну көздөөдөбүз. Бул үч күндүк эс алуулар – үч жылга тете таасир берер эле. Байбичелер эс алууга чыкканда анчалык жалгыздыгын сезишпейт. Ал эми аксакал кары адамдарга оор болот экен. Ошондуктан ушундай карыяларды борборубузга чакырып, ар түрдүү маданий иш-чараларды өткөрүп, шахмат-шашки ойнотуп, ысык чайын берип, кечинде үйүнө узатып койсок аксакалдарыбыз сергип калышат. Албетте, борборго мыкты психолог, мыкты адистер керек. Мыкты кадрларга да мыкты шарт зарыл. Алар жашай турган заманбап турак жай куруу маселесин да чечүүгө кириштик. Эгер ушундай муктаждардын муңун кыскартуу аракетин үзгүлтүксүз жүргүзө алсак, албетте, арабыздан алсыздар сейректейт. Кыйынчылыктарды жеңебиз.
Быйылкы эң жакшы жаңылыктарыбыздын алды – айлык акыларыбыздын мурда болуп көрбөгөндөй көбөйгөнү болду. Социалдык кызматкерлерге мамлекеттик деңгээлде камкордуктар көрүлүүдө. Мунун ачык күбөсү, социалдык кызматкерлердин айлыктары дээрлик 100 пайызга көтөрүлдү.
Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаров айлык маселесин ачык-айкын мисалдар менен тастыктап бергендей, мен дагы аз айлык менен иштеген кызматкерлеримдин кубанычын ортого салайын. 10 жылдан бери социалдык кызматкер болуп иштеп келе жаткандардын колуна тийген эмгек акысы 9858 сом болсо, апрель айынан баштап колуна 20321 сом алат. Ал эми, эч стажысы жок социалдык кызматкер буга чейин колуна 7782 сом айлык алып келсе, мындан ары 15258 сомду колуна алат. Жогорудагыдай алган айлыктарына жараша албетте, талап, жоопкерчилик да 2-3 эсеге көбөйгөнүн эстерине сала кетейин.
Ондогон жылдар көчүп жүрсөк, учурда заңгыраган имаратыбыз бар. Мекемебизге ар бирибиз мээнетти аябай кылдык. Бардык бөлүмдөр заманбап компьютердик жабдуулар, ыкчам интернет менен камсыздалып, адистердин иштөөсүнө ынгайлуу шарттар түзүлгөн. Башкармалыкта “Бирдиктүү терезе” толук санариптешкен, мыкты адистер иштешет. Кандай гана маалыматтарга кызыгышпасын толук жообун ачып-көздү жумганча алышып, кабардар болушат. Санариптешүүнүн натыйжасында иштерибиз жеңилдеп жатканын айтсак болот. Биримдик, ынтымакты бекемдеп, элдин кызыкчылыгы үчүн бүткүл мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшай бермекчибиз.
Айчүрөк Макешова