Баялы Досалиев Кочкор районунун акими кызматынан бошотулду
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Кочкор районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Досалиев Баялы Атамырзаевич ээлеген кызмат ордунан бошотулду.