«Баят» базарынан өрт чыкты
ӨКМ Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Баят базарынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөнүн билдирди.
Өрттү өчүрүүгө 29-январь күнү саат 23:50дө Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 2 бөлүм, №8 АӨКБдан 1 бөлүм, буга кошумча Свердлов районунан 1 бөлүм чыкты.
Жеринде жалпы 4 бөлүм жана штаб тилсиз жоо менен күрөшүп, өрттү чектөөгө алышты.