Бейтапканадагы өрткө эмне себеп болгон?

12-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 42

Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтунун директору  Самидин Шабыралиев  бейтапканадагы өрттүн келип чыгуусуна комментарий берип жатып,  кырсыктын болжолдуу себебин атады.

«Биз  азырынча ангиокардиографиянын стабилизатору  жарылган деп божомолдоп жатабыз.  Ангиокардиография иштебей турган учурда стабилизатор да өчүрүлөт.  Ал кандайча жарылып кеткенин эч ким түшүнө албай жатабыз. Жарылуу өтө катуу болду», — деди ал.

12-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 42
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X