Бекмамат Дженбаев Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп дайындалды
Бекмамат Дженбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесинин негизинде жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” мыйзамынын 14-беренесине ылайык, Дженбаев Бекмамат Мурзакматович Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти кызматына дайындалды.
Жаңы дайындоо менен өлкөнүн илим тармагын өнүктүрүү, илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу жана академиянын ишмердүүлүгүн чыңдоо багытындагы иштер улантылары күтүлүүдө