"Эркин-Тоо"

Бекмурза ЭРГЕШОВ: «ЖЫЛУУЛУК БОРБОРУНА КОШУЛГАНДАР КӨБӨЙҮҮДӨ»

Ош муниципалдык «Жылуулук» камсыздоо ишканасынын башкы директору Бекмурза ЭРГЕШОВ

Кыштагы эң чоң көйгөйлөрдүн бири жылуулук маселеси. Элде айтылгандай “кыштын камын жазда көр” демекчи, жылдан жылга өнүгүп, алкагы кеңейип бараткан Ош шаарын кыш мезгилинде үшүтпөй, магистралдык түтүктөрдүн авариялык абалына жол бербей, аман-эсен алып чыгуунун өзү чоң маселе. Бүгүнкү күндө аталган жамаатта иш кызыган учур. Демейде ишкананын өзүндө үзгүлтүксүз эмгектенген 60тай кызматкер болсо, күзгү-кышкы сезон маалында 800гө жакын жумушчу эмгектенет. Күнү-түнү тынбай, айрыкча кыш чилдесиндеги оор көйгөйлөргө жол бербей же аномалдык кырдаалда жылуулукту бирдей кармап туруу айтканга оңой болгону менен аткара келгенде эң оор, түмөн түйшүктүү жумуш. Сезонду ийгиликтүү өткөрүш үчүн аталган жамаат отун, көмүр камдап, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, дээрлик бир жыл бою даярдык көрөт. Жамаат менен, шаар тургундары менен жеңил тил табышкан, иш процессин ыргактуу уюштура билген иш билги менеджер, аталган ишкананын жетекчиси Бекмурза Эргешов учурдагы жамааттын иш-аракеттери жөнүндө ой бөлүштү.

– Бекмурза Аскарбаевич, быйылкы кышка даярдыгыңыздар кандай?

– Быйылкы кыштын кандай болору белгисиз. Бирок, ошого карабастан күзгү-кышкы сезонду ийгиликтүү өткөрүү, Ош шаарынын элин кышта үшүтпөй, мекеме-ишканаларда, окуу жайларында кала берсе, ар бир үйдө жылуулук болушун камсыздоо – биздин башкы милдетибиз. Үй жылуу болсо, ыр да болот, күлкү да болот дегендей…

Биздин Оштогу муниципалдык “Жылуулук” камсыздоо ишканасынын оперативдүү тейлөөсүндө 88 отказан бар. Анын ичинде 19 электр отказаны болсо, 69у көмүр отуну менен иштейт. Биздин ишкана балдар бакчаларын, мектептерди, медициналык мекемелерди, жогорку окуу жайларды, кесиптик лицейлерди жана башка социалдык объектилерди жалпысынан, шаардагы 98 мекемени, 306 көп кабаттуу үйдү, 270 жер үйлөрдү жылуулук менен камсыздайт. Өткөн жылдын сезону аяктары менен ушул жылдын сезонуна даярдык башталган. Сезондук жумуштардын баары графиктин негизинде бүткөрүлдү. Учурда күзгү-кышкы мезгилге толугу менен даярбыз. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, жылуулук маселесинде көп кабаттуу үйлөрдүн ички тутумдарын тагыраак айтканда, (подвал) жер төлөөлөрдү кынтыксыз жылуулап, шартка жараша таза жана иреттүү кармоо маселеси бир топ жылдан бери ар кандай көйгөйлөрдү жаратып келген. Ошондуктан, 2022-жылдын 1-январынан баштап, үйдүн ички тутумдарын (УИТ) тейлөөсү ишке киргизилди. Көп кабаттуу турак үйлөрдүн тургундары менен келишим түзүлгөн. Мындан ары көп кабаттуу үйлөрдүн жер төлөөсүн толугу менен биздин ишкана тейлөөгө алды. Антпесек, ар бир көп кабаттуу үйдүн жер төлөөсүн талаптагыдай кармоо керек. Түтүктөрдү жылуулап, жылуулукту сыртка чыгарып коромжуга учуртпай, жыртык-тешигин оңдоп-жамап, утурумдук жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп турбаса, жылуулук берүү текке кеткендей болот. Анткени, жашоочулар өздөрүнүн батирлерине жоопкерчиликтүү мамиле жасагандай, үйдүн жер төлөөсүнө андай мамиле жасай алышпайт. Биз ушул маселелерди да жолго койдук десем болот.

– Күз-кыш мезгилине негизи канча тонна көмүр керектелет?

– Көмүр-отун маселеси бүгүнкү күндө графиктен алдын ала даярдалып, азыркы күндө 7300 тонна көмүр отуну менен камсыздалды. Буга чейин көмүрдүн майдасын сатып алсак, быйылкы жылы иргелген, чоң-чоң сапаттуусун сатып алдык.

– Бир кездерде “жакшы ысытпай жатат” деп шаардын жылуулук борборунан кол үзүп, көпчүлүк тургундар батирлериндеги жылуулук батареяларын кестирип алып таштаган учурлары болду. Азыр эми ошол көп кабаттуу үйлөрдөн быйылкы сезондо кайрадан кошулгандары болдубу?

– Ырас айтасыз, бир кездерде жылуулуктан баш тарткандардын көпчүлүгү азыркы учурда биздин ишибизге баа берип, шаардын жылуулук борборуна кошулгандардын саны улам көбөйүүдө. Бул биздин жамааттын ишинин жемиши, ийгилиги деп эсептейм.

Белгилей кетсем, кышкы сезондо биздин отканаларда иш кызуу жүрүп, бир саат да токтотпойт. Ишти өз ыргагы менен жүргүзүш үчүн көп, талыкпаган эмгек жумшалат. Кокустан кайсы бир жерде жылуулук түтүктөрү жарылып кете турган болсо, андан өткөн чоң түйшүк болбойт. Биздин жумушчулар чегараны кайтарган жоокерлер сыяктуу эле, күн-түн бою нөөмөт менен иштешет.

Быйыл Достук жана Анар кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары өз каалоолору менен жылуулукка кошулушту.

– Жылуулукту берүүнүн тарифи элдин чөнтөгүнө оорчулук келтирбейби?

– Биз ар дайым Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорунун жана Ош шаардык мэриясынын токтом-буйругунун негизинде мыйзамдуу иш алып барабыз. Жылуулукка коюлган тарифтер КР Министрлер Кабинетинин буйругунун негизинде коюлат. Жылуулук берүү тарифи боюнча көмүр отунунда жылытылган жылуулуктун бир гикколориясынын баасы 4 660 сом 75 тыйын болсо, электр отунунда жылытуучу отунда бир гикколориясынын баасы 5 198 сом 02 тыйын. Шаар тургундары тагыраак айтканда, керектөөчүлөр, калк бир гикколория жылуулукка 1134 сом 76 тыйын төлөйт. Калган сумманы мамлекет субсидия катары каржылайт.

– Дебитордук карызы бар менчик, мамлекеттик ишканалар барбы? Жеке жарандардан – көп жылдык карызы барлардан акча каражатын кантип өндүрөсүздөр?

– Дебитордук карызы барлар жок эмес. Биз жыл сайын шаар тургундарына түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзөбүз. Биздин ишибиздин натыйжасы да жарандардын өз убагында төлөп турушуна жараша болот. Адамдар мурунку жылдарга салыштырмалуу кыйла түшүнүү менен мамиле жасап калышты. Абоненттер төлөмдөрдү негизинен өз убагында төлөп жатышат. Арасында кенебеген, жылуулук алгандан кийин акысын төлөш керек деген ойдон алыс жүргөн, кайдыгер караган адамдар да жок эмес. Дебитордук карызы барлар мамлекеттик жана жеке менчик ишканалары, ошондой эле калктын арасында да көп жылдык карызы бар жарандар болсо, алар сот органдары аркылуу өндүрүлөт.

– Жамаатыңыз жөнүндө да айта кетсеңиз, алардын айлык маяналары көтөрүлдүбү?

– Биздин ишкананын жамааты абдан ынтымактуу, арасында көп жыл иштеп, элге эмгеги сиңген кызматкерлерибиз бар. Учурда уюштургуч, ийкемдүү менеджер болбосоң, иштин ийгилигине жетишүү кыйын. Шаардын тургундарына барып, бетме-бет жолугуп, түшүндүрүп, жылуулуктун акысын, төлөмдөрүн үймөүй кыдырып чогулткан учурларыбыз жеңил эмес. Келген абоненттерге кичи пейил, сылык мамиле жасап, талаптагыдай кызмат көрсөтүп келебиз. Сурооталаптарын өз учурунда аткарганга аракет кылабыз. Жамаатта арыздар менен иштеген атайын комиссия бар. Бардык мамлекеттик жана муниципалдык ишканаларда айлык көтөрүлгөндөй эле биздин дагы айлык маянабыз көтөрүлдү.

Ризван ИСМАИЛОВА

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!