БЕРЕКЕСИ АРТКАН БЕШ ЖЫЛ
Үстүбүздөгү жылдын 28-январында Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын президенти кызматына киришкенине беш жыл толду. Азыр айтканга оңой болгону менен артка кылчайып караганда өтө татаал, оош-кыйышы, өйдө-ылдыйы көп болгон жолдорду басып өттүк. Бирок, бекем саясий эрктин, талбаган эмгектин, багытты туура тандоонун натыйжасында көптөгөн тоскоолдуктарды жеңип, мамлекетти коррупциялык саздан сууруп чыкты. Баарыбыз күбө болгондой өлкөбүз өнүгүү жолуна түштү, бул эң чоң жеңишибиз, жетишкендигибиз экени бүгүнкү күндүн кашкайган чындыгы десек жаңылышпайбыз.
ЭКОНОМИКАЛЫК ӨСҮШ КУЛАЧЫН ЖАЙДЫ
Садыр Жапаров бийликке келген маалда эң башкы максаты бакубат Кыргызстанды куруу экенин айткан. Ал максатка жетүү үчүн тынымсыз аракеттерди көрүп, күнү-түнү эмгектенгенине күн сайын күбө болуудабыз. Беш жыл аралыгында эгемендик алгандан берки тарыхыбызда жасала элек иштер иш жүзүнө ашып, жүздөгөн ишканалар, социалдык объектилер, ири имараттар курулуп, күн сайын өнүгүүгө карай кадам шилтөөдөбүз. Баш көтөрбөй иштеген эмгектин натыйжасы куру сөздөр эмес, сандар менен тастыкталууда. Эл аралык валюта фондунун маалыматы боюнча, 2024-жылы Кыргызстан ИДПнын реалдуу өсүү темпи боюнча дүйнөдөгү алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирген, быйыл ЕАЭБде биринчи орунду ээледи. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү экономикасы тез өнүгүп жаткан 5 мамлекеттин катарына кирди. Бул талыкпаган эмгектин үзүрү десе болот.
Эң негизгиси эл күткөн башкаруунун жолго коюлгандыгынын негизинде саясий туруктуулук орноп, бюджеттин көлөмү кескин көбөйүп, ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда. Биринчиден, ИДПнын өсүү темпи жогорулап, көлөмү 22,6 млрд доллардан ашты. Салык кызматынын кирешеси 2020-жылы 78 млрд сом болсо, 2025-жылы 304,3 млрд сом болду. Бажы кирешелери да 6 эсе өстү. 2020-жылы бюджетке 28,9 млрд сом жыйнаса, 2025-жылы 157,4 млрд сом чогултулду. Салыктык эмес кирешелер 8-9 эсе көбөйдү. 2020-жылы 33 млрд сом түшкөн болсо, 2025-жылы 189,4 млрд сом болду. Экономикалык активдүүлүк да жогорулады. Эл аралык резервдер 8 млрд доллардан ашып, анын басымдуу бөлүгүн алтын кору түздү.
“КУМТӨР” КЕНИ КАЙТАРЫЛДЫ
Өткөн тарыхты эстесек, “Кумтөр” дегенде биринчи Садыр Жапаров эске келет. Анткени, ал эл өкүлү болуп турган кезинен тарта “Кумтөрдү” мамлекетке кайтарып алууга тынымсыз жан үрөдү. “Кумтөр” үчүн азап тартты, элдин байлыгын кайтарамын деп камалды. Жалпы коомчулук мына ушул эрдиги үчүн жүрөгүнө жакын тутту, колдоду, 2020-жылы “эки тизгин бир чылбырды” колуна берди. Президенттикке ат салышар алдында “Кумтөр” Кыргызстандын кызыкчылыгына иштейт” деген убадасын берген. Албетте, айрымдар буга ишенген жок. Себеби, 30 жыл аралыгында “Кумтөрдөгү” шылуундар бийликке келген жетекчини сатып алып, өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн иштетип келишкен. Коомчулукта аларга эч кимдин тиши өтпөйт деген ишеним орногон эле. Чынында эле “Кумтөрдү” толук өзүмдүк кылып алган чет элдиктер оңой менен бере койбосу анык болчу.
Арийне, өжөр мүнөзү бар, айтканынан кайтпаган Садыр Жапаров шайлоо алдында тактикалык жүрүштөрдү жасап, анан президенттик ишке киришери менен дароо “Кумтөрдү” кайтарды. Бул жалпы элибиз үчүн чоң жеңиш болду. Ар бир мекендешибизде чечкиндүү кадамдарды жасап, мамлекетти өнүктүрсө боло турган ишеним жаралды. Албетте, ошол күндөн тарта ишкананын бардык пайдасы өзүбүзгө түшө баштаганы менен канадалык шылуундардын ортосунда талаш өкүм сүрдү. Туш тараптан чыккан карөзгөйлөр эми жылдарга созулган соттук иштер уланып, “Кумтөр” банкрот болорун, биз эл аралык соттон утулуп каларыбызды айтып какшап жатты. Бул жерде дагы Садыр Жапаров кыраакылыгы менен караңгыдан жол таап чыкты. 2022-жылдын 4-апрелинде эң чоң улуттук байлыгыбыз болгон “Кумтөр” алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылганын билдирди. Канадалык шылуундар колунан келишинче талашып, дүйнөлүк сотко арызданып, болгон аракетин кылышты. Бирок, анысынан майнап чыкпай, акырында чегинүүгө аргасыз болду.
Ошентип, Садыр Жапаровдун канча жыл чеккен азабынын акыбети кайтты. Эчен жылдан бери чет элдиктердин саан уюна айланган “Кумтөр” кыргыз элине кызмат кыла баштады. Беш жылдагы таза кирешеси 5 млрд доллардан ашты. Ал эми буга чейинки 28 жыл ичинде мамлекет болгону 101 миллион доллар гана алган. Бул сандар кабыл алынган эң туура саясий чечимдин масштабын ачык көрсөтүп турат. Кыргызда, “эч болбосо кеч болсун” деген жакшы кеп бар. Анын сыңары “Кумтөр” кени эми да болсо мамлекетке өтүп, кыргыз элинин пайдасына иштеп жатканы Садыр Жапаровдун кыргыз элине жасаган эң чоң жакшылыгы.
ТЫШКЫ САЯСАТТЫН ҮЗҮРҮ
Тышкы саясаттагы эң башкы ийгилигибиз – чек ара чечилип, чоң көйгөйдөн кутулдук. Бул иште Президент Садыр Жапаров саясий эркин, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев көшөргөн көкжалдыгын көрсөттү. 2023-жылдын январында Кыргызстан менен Өзбекстан мамлекеттик чек араны делимитациялоо процессин аяктап, ратификациялык грамоталар менен алмашты. 2025-жылдын мартында Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери көп жылдык жаңжалга чекит койгон акыркы келишимге кол коюшту. Элден безип, өлкөдөн качып кеткен мурунку жетекчилердин отуз жыл бою колунан келбеген ишин Садыр Жапаровдун командасы саналуу жылдарда ишке ашырды. Жигердүү иштин, дипломатиялык жөндөмдүн негизинде көпчүлүк чечилгис деп эсептеген Борбор Азия чек араларынын «түйүнү» чечилип, экономикалык интеграцияга жана чек ара аймактарынын туруктуу өнүгүүсүнө жол ачты – бул, бир. Экинчиси, Кытай менен кызматташтык жакшы ыргакта өнүгө баштады. Бул жерде “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолу өзгөчө орунда экенин айтпай кетсек болбойт. Темир жолдун курулушу былтыр башталды, бүткөн күнү биздин өлкө транспорттук туңгуюктан чыгат. Анткени, жаңы темир жол коридору Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгыш аймагы, Иран, Перс булуңунун өлкөлөрү жана Түндүк Африкага чыгат. Демек, биз Евразия континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагына илинип, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыштын базарларына жол ачылат. Тактап айтканда, миллиарддаган долларлар минутасына айланган дүйнөлүк рыноктун ичине киребиз. Бул өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн чоң экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү берип, көкүрөгүн көтөрө баштаган инвестициялык климатыбыз жакшырат. Бул жерде Европа менен Кытайды бириктирген кубаттуу мамлекетке айлануу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Жараткан өзү жар болуп, аталган темир жол белгиленген мөөнөттө курулуп бүтүп иштей баштаса, мамлекетке жылына бери дегенде 300 миллион доллар киреше түшө баштайт.
МЫЙЗАМСЫЗ МЕНЧИКТЕШКЕН МҮЛКТӨР
Эгемендик алгандан берки жылда мамлекеттик мүлктөрдү мыйзамсыз менчиктештиргендер көп болгонун билебиз. Садыр Жапаров өз ишин баштагандан тарта ушул багыттагы ишти да катуу жүргүзүп, элдин мүлкүн кайтаруу багытында өтө чоң иштерди аткарып жатат. Бул иш бүгүнкү күндө да тынымсыз жүргүзүлүүдө. Айрымдарын мисал катары атай кетсек, ири базарлардан эле бир нечеси мамлекетке кайтарылды. Маселен, Оштогу эң чоң Кара-Суу базары, Каракол шаарындагы «Ак-Тилек» базары жана Караколдогу «Макиш» жана «Бугу» соода базарлары мамлекетке өткөн. Ошондой эле Бишкектеги «Старый Толчок» базары, «Сары-Өзөн – Дыйкан» базары жана «Баткен-Комфорт» базары мамлекетке чегерилген. Мындан сырткары, “Дордой” жана “Орто-Сай” базарларындагы “Оберон” базарлары жайгашкан жер мыйзамсыз менчиктештирилгендиги аныкталып, мэрияга өттү. Өзгөн жана Аксы районундагы базарлар мамлекетке кайтарылды.
Кылмыш дүйнөсүндөгүлөрдөн да элдин мүлктөрү кайтарылып алынды. “Мыйзамдагы ууру”, УКМКнын атайын операциясы учурунда жок кылынган Камчы Көлбаевдин 1 миллиард долларга бааланган мүлкү мамлекетке өткөрүлдү. Ошондой эле Кадыр Досонов, Эркин Мамбеталиев, Чыңгыз Жумагулов сындуу кылмыш дүйнөсүндө жүргөндөрдөн да элдин мүлкү өндүрүлүп, жалпы 50 млрд сом (мүлк жана акчалай түрүндө) мамлекетке төктүрүлдү. Эки ирет кармалган Матраимов мамлекетке 223 млн 419 миң 615 доллар төлөп берди. Бул 20 млрд сомго жакын акча болот. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековго таандык болгон, баасы 2 млрд 40 млн сомду түзгөн “Капитал банкы” жана Бишкектин ортосундагы мыйзамсыз ээлеп алган арак заводу мамлекетке өттү. Улай айтсак, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Жумалиев 1 млрд сом (11 млн доллар) акчалай жана мүлк иретинде төлөдү. Анын 45 млн сомун накталай төлөп, Таш-Көмүр шаарындагы цемент заводун 955 млн сомго баалап, мамлекетке өткөрүп берди. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурлан Макеев менчиктештирген, базар баасы 4 млрд сомдук, Кеминдеги 353 гектар жер мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов:
— Беш жыл ичинде өлкө таанылгыстай өзгөрүлдү. Мамлекеттин, коомдун жашоосуна терс таасирин тийгизип келген системалуу криминал жок кылынды. Бул чоң эмгек. Ички жана тышкы коопсуздук маселеси жолго коюлуп, Тажикстан жана Өзбекстан менен чек ара маселелер чечилди. Борбор Азиядагы үч өлкөнүн президенттери Россиянын жетекчилиги тарабынан бааланып, Лев Толстой атындагы эл аралык тынчтык сыйлыгы тапшырылды. Ийгиликти көптөгөн эл аралык эксперттер да белгиледи. Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулукта эл аралык кадыр-баркы олуттуу бекемделди. Кыргызстан, жаңы кыргыз жолу жөнүндө сый-урмат менен айтылып жатат. Бул өлкө үчүн инвестицияларды, туристтерди тартууда, жалпысынан экономикалык, маданий-гуманитардык өнүгүү үчүн маанилүү.
Саясат талдоочу Зайнидин Курманов:
— Реформалар жалпы системада жүрүп жатат. Конституциядан башталып, мамлекеттик башкаруу, бийлик бутактары, аткаруу тартиби, паракорлук жана криминалитет менен күрөш, дегеле бардык багыттар боюнча өзгөрүүлөрдү көрүп жатабыз. Жетишкендиктердин арасынан “Кумтөрдү” мамлекетке кайтарууну айтсак болот. “Кумтөр” башынан эле бизге иштесе, биздин өлкө башкача болмок экен. Ошондой эле “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жол долбоору практикалык түрдө ишке ашырылууда. Ал аркылуу Кыргызстан дүйнөлүк соода түйүнүнө аралашып, туруктуу катышуучусу болуп калат. Биздин өлкө эл аралык соода хабына айланат. Айтор, акыркы беш жылда аткарылган иштер өлкөнүн жаркын келечегине үмүт жаратты.
Зулпукаар Сапанов