Безгек оорусун дарылоодо жаңы ачылыш жасалды
Австралиялык окумуштуулар безгек оорусун козгогон мите курттар көк боордо болорун аныкташкан. Жүргүзүлгөн эксперименттин алкагында 7 адамга безгек оорусу жуктурулган. Бул ооруну кылдат изилдөөгө мүмкүнчүлүк берип, инфекция организмге киргенден кийин бир жуманын ичинде көк боордо топтолору байкалган. Алынган маалымат ооруга каршы күрөшүүдө натыйжалуу иш-чараларды иштеп чыгууга жардам берери айтылды.
Азыркы учурда безгек оору Африка континентинде көп катталат. Дарылоодо мите курттар убактылуу күчүн жоготуп, организмде сакталат. Окумуштуулар жаңы ачылыштын жардамы менен келечекте ооруну алгачкы этапта аныктоого жол ачылат деп үмүттөнүшөт.