БИЙИКТИККЕ БАГЫТ АЛГАН БЕШ ЖЫЛ

Кечээ  Грузиянын Interpressnews маалымат агенттигинин кабарчысы Вано Бурдули “Садыр Жапаровдун президенттигине беш жыл: Негизги сыноо али алдыда” деген аталыштагы макаласын жарыялаганын Кыргызстандын Франциядагы элчиси жана Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, илим жана маданият боюнча (ЮНЕСКО) алдындагы туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

2026-жылдын 28-январында Садыр Жапаровдун Президенттик кызматка киришкенине беш жыл толгонуна арналган макалада 2020-жылы эл аралык коомчулук тарабынан “келечеги бүдөмүк мамлекет” катары сыпатталган Кыргызстан менен бүгүнкү башкаруу системасы бекемделген, экономикасы өскөн жана аймактык деңгээлде өз ордун тапкан Кыргызстанды салыштырып, өз пикирин билдирген.

2020-жылдын күзүндө  башкаруу кризисине учурап, экономикалык минимумга туш болгон Кыргызстан эл аралык картада сакталып калабы  деген күдүк ойлор болгонун баса белгилеген макалада, ошол учурдагы мамлекеттин саясаты өнүгүүгө эмес, туруксуздуктун алдын алууга багытталган аргасыз реактивдүү мүнөздө болгонун маалымдайт.

2021-жылдан Садыр Жапаровдун президенттик кызматка киришүүсү менен чечимдерди борборлоштурууга, жоопкерчиликтин темирдей тартибине жана аткарууну тездетүүгө басым жасалганын, 2020-жылы токтогон инвестициялык долбоорлор жанданып, инфратүзүмдүк программалар саясий туруксуздукка карабай, ишке аша баштаганына макалада өзгөчө көңүл бурулат.

2025-жылга карата Кыргызстандын экономикасы 2020-жылдагы кризистик абалынан кескин айырмаланып, өлкөнүн ИДПсы беш жылда номиналдык түрдө үч эседен ашык өсүп, 1,98 трлн сомго жеткенин,  2025-жылдагы реалдуу өсүш 11,1%ды түзүп, республиканы чөлкөмдө экономикасы эң тез өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн катарына кошулганын кабарлайт.

Кыргызстандын макроэкономикалык абалынын өзгөргөндүгүнүн маанилүү көрсөткүчтөрүнүн бири болгон эл аралык резервдердин өсүшүн жогору баалап, 2020-жылдагы 3 млрд доллардын тегерегиндеги көрсөткүч 2025-жылдын сентябрына карата 7 млрд доллардан жогору болуп, жыл аягында 8 млрд доллардан ашканын далилдүү фактылар менен келтирет.  “2025-жылы өлкө резервинде алтындын көлөмү 50–52 тоннага жетип, рынокто анын наркы 3,5–3,8 млрд долларга бааланды. Алтындын резервдеги үлүшү болжол менен үчтөн экини түзүп, валюталардын олку-солкулугуна жана геосаясий тобокелдиктерге туруктуулукту күчөттү. 2020-жылдын башында мындай натыйжа мүмкүн эмес эле. Анткени резервдик база алда канча аз, түрү да чектелүү болчу” дейт кабарчы иликтөөсүндө.

Экономикалык өзгөрүүлөр маанилүү дипломатиялык жетишкендиктер менен коштолгонун билдирген басылма,  2025-жылы Кыргызстан менен Тажикстан чек араны делимитациялоо боюнча келишимге кол коюп, узак жылдардан бери аймактык туруктуулук үчүн кооптуу болуп келген маселеге чекит коюлганын, бул аймактардагы чыңалууну азайтып, инвестициялык өсүшкө өбөлгө боло турган соода жана логистика шарттарын жакшыртканын белгилейт.

Жапаровдун беш жылдык башкаруусу дүйнөлүк соода жана логистикалык чынжырлардын кайра түзүлүү учуруна туш келгенин билдирген басылманын кабарчысы, “Мындай жагдайда Борбор Азия периферия эмес, байланыш мейкиндиги катары карала баштады. Кыргызстан бул логикага чөлкөмдүк каттамдардын транзиттик элементи жана узак мөөнөттүү энергетикалык долбоорлордун катышуучусу катары акырындык менен интеграцияланууда.” деген пикирин билдирет.

Ошентип, 2020-жылдагы Кыргызстан төмөндөө, инвестициянын токтоп калышы жана башкарууга болгон күмөн саноолор менен мүнөздөлсө, 2025-2026-жылдары – Кыргызстан ИДПнын он пайыздан жогору өсүшүн, масштабдуу курулуш, алтындын үлүшү жогору болгон рекорддук резервдерди көрсөтүп, аймактын туруктуулугуна олуттуу салым кошконун баса белгилеген макалада, бирок чоң сыноо али алдыда экенин маалымдайт.

Азырынча Садыр Жапаровдун президенттигинин беш жылдыгы кылдат, бирок так жыйынтык чыгарууга негиз берерин жазган басылма, 2020-жылы көпчүлүк “өнүгүүдөн артта калды” деп эсептеген өлкө өз тагдырын өзү чечүү мүмкүнчүлүгүн кайтарып алганын, учурдагы динамиканы эске алганда Кыргызстан жетишилген позицияларын сактап калуу менен гана чектелбестен, топтолгон күчүн узак мөөнөттүү аймактык лидерликтин факторуна айлантып, эң динамикалуу өнүккөн жана институционалдык жактан туруктуу мамлекеттердин катарына кошула аларына ишеним артат.

Элтуран Чалов

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X