Билим берүү уюмдарында колдоо көрсөтүү улантылат

Мерсико уюму Кыргызстандын билим берүү мекемелерине азык-түлүктөн колдоо көрсөтүүнү улантат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, АКШнын Айыл чарба департаменти тарабынан каржылануучу Макговерн-Доулдун “Билим берүү жана балдардын тамактануусу үчүн азык-түлүк” программасы колдоо көрсөтүүсүн улантат.  Уюмдун программасына катышкан  мектептерге  күрүч, жашыл буурчак, жасмык жана күн карама майы сыяктуу азыктар берилет.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X