"Эркин-Тоо"

Бир айдан бери изделип жаткан келиндин сөөгү табылды

Бир айдан ашуун убакыттан бери дайынсыз делип, изделип жаткан Жанарбек кызы Аселдин сөөгү табылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облустук жана Ысык-Ата райондук милициясынын кызматкерлери бүгүн, 18-мартта да издөөгө чыгышып, натыйжада Аселдин сөөгүн Чоң Чүй каналынан табышкан. Маркумдун сөөгү өлүкканага жеткирилген. Факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Жанарбек кызы Асел 15-февралда түнкү саат 01:30 чамасында Кант шаарындагы Некрасов көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон кайтып барган эмес. Аталган факты каттоого алынып, издөө иштери башталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө Чоң Чүй каналынын жээгинен келиндин курткасы, бут кийими, уюлдук телефону табылган.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!