Бир нече банк чек ара жаңжалынан жабыркагандардын насыяларын кечти
“Компаньон” банкы Баткенде чек ара чырынан жабыркаган 17 жарандын насыясын кечип, 3 жарандын насыясынын пайызын төмөндөттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Кыргыз-Тажик чек арасындагы окуяда жабыркаган жарандардын ичинен 8 жаран “РСК” банкынын Баткен филиалынан насыя алган. Анын ичинен каза болгон бир аскер кызматкеринин насыясы кечилди. Ал эми жараат алган 7 аскер кызматкерлеринин насыясынын пайызы 6 айга токтотулду,-делет маалыматта.
Ошондой эле “РСК” банкы чек ара аймактарын колдоо максатында Баткен облусунун Көк-Таш, Максат, Ак-Сай айыл эли үчүн 10 миллион сом каражат бөлүп, жеңилдетилген насыя берүү чечимин кабыл алды. Насыя 12 пайыз менен 3 жылдык мөөнөткө, 6 ай танаписи менен жеңилдетилген тартипте, комиссиясыз, күрөөсүз берилет.
“Бай түшүм” банкы чек арадагы орун алган акыркы окуяда каза болгон 2 жарандын жана турак жайы өрттөлгөн 7 жарандын насыясын жоюу чечимин кабыл алган.
Буга чейин “Мөл Булак” да бир нече жарандын насыясын кечкендиги тууралуу кабарлаган.