Бир жылда 23 миң тоннадан ашуун колбаса азыктары өндүрүлгөн
2024-жылы 23 миң тоннадан ашуун колбаса азыктары өндүрүлгөн. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, акыркы 5 жылда Кыргызстанда колбаса өндүрүү жана экспорттоо оң көрсөткүчтөгү динамикага ээ. Эгерде 2022-жылы Кыргызстанда 12 621,5 тонна колбаса азыктары өндүрүлсө, 2023-жылы 16 964 тонна, ал эми 2024-жылы 23 427,9 тонна колбаса азыктары өндүрүлүп, 1 103,3 тонна продукция экспорттолгон. Кыргызстанда өндүрүлгөн колбаса азыктары Казакстан, Роосия жана Өзбекстанга экспорттолот.