Биримдик-Кутка кут келди

17-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 52

13-мартта Бишкектин четиндеги Биримдик-Кут жаңы конушунда жакшы саамалык болду. Коомдук ишмер Карганбек Самаков айылдын эли үчүн мектептин жана бала бакчанын жеринин документтерин тапшырды. Былтыр ал мечиттин жана поликлиниканын жерин берген болчу. Анткени, К.Самаков мындан 10 жылдай мурда өзүнө тиешелүү бул менчик жерлерди элге арзан баада сатып, ушул айылдын түптөлүшүнө салым кошкон. Эми ал социалдык обьекттер түшө турган жерлердин мамлекеттик актыларын Лебединовка айыл өкмөт башчысы Качкынбай уулу Адилетке өткөрүп берди.

Бул салтанаттуу иш-чарага Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев, Ысык-Ата районунун акими Бактыбек Анаркулов, райондук, айылдык кеңештин депутаттары катышышты.

Салтанаттуу жыйынга чогулган Биримдик-Куттун жашоочулары ыраазычылыгын билдирип, Карганбек Самаковго бата беришти. Эми бул айылда 750 орундуу чоң мектеп жана 280 орундуу бала-бакча, спорт комплекс, мугалимдер үчүн жатакана салынат. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, быйыл Чүйдө салына турган мектептердин бири ушул Биримдик-Кут айылында болмокчу. Ушул күнү айылга эл ташый турган жаңы автобустар да кирип, кубанычтуу окуя болду.

Кошумчалай кетсек, айылдын четиндеги 30 гектар аянтка курулуш базары жана 2 гектар жерге ХАБ терминал жеке ишкерлер тарабынан салынууда.

№26 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 15-марты
Сымбат Максутова

17-март, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 52
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X