Бишкек башкы архитектурасы беш миңден ашык арызды онлайн кабыл алды
Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы шаар куруу кызматтарын санариптештирүү жана жарандар үчүн ыңгайлуу кылуу багытындагы иштерди улантууда.
Алсак, 2026-жылдын башынан 30-сентябрга чейин башкармалыктын автоматташтырылган маалыматтык тутумундагы (АМТ) жеке кабинет аркылуу 5 миңден ашык арыз келип түшкөн. Анын ичинен сентябрда 1 403, августта 1 179, июлда 944 арыз катталган.
Эң көп талап кылынган кызматтар — архитектуралык-пландоо тапшырмаларын (АПТ) даярдоо боюнча 2 049 өтүнмө (40,8%) жана инженердик-техникалык шарттарды (ИТШ) иштеп чыгуу боюнча 1 351 өтүнмө (26,9%).
Электрондук кабинет аркылуу жарандар арыздарды жана документтерди онлайн тапшырып, алардын кароо статусун көзөмөлдөй алат. Бул башкармалыкка баруу зарылдыгын азайтып, кызмат көрсөтүү процессинин ачыктыгын камсыз кылат.
Санариптик сервистер бирдей талаптарды жана жол-жоболорду колдонууга шарт түзүп, субъективдүү кийлигишүү жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга өбөлгө болот.
Арыздарды Бишкек башкы архитектурасынын жеке кабинети аркылуу берүүгө болот: https://cabinet.bga.gov.kg