Бишкек дүйнөлүк шаарлар рейтингинде 461-орунду ээледи
Бишкек дүйнөнүн 1 миң шаарынын ичинен 461-орунду ээледи. Бул Oxford Economics уюмунун Global Cities Index 2026 рейтингинде белгилүү болду.
Рейтинг шаарларды экономика, адам капиталы, жашоо сапаты, экология жана мамлекеттик башкаруу багыттары боюнча баалайт.
Бишкек эң жогорку көрсөткүчтү адам капиталы боюнча көрсөтүп, 194-орунга жайгашты. Экономика боюнча — 383, жашоо сапаты боюнча — 667, экология боюнча — 671-орунда.
Ал эми мамлекеттик башкаруу категориясында Бишкек 844-орунду ээледи.
Региондун борборлорунун ичинен Астана 281, Ташкент 343, Бишкек 461, Душанбе 672-орунду алган.
Рейтингде биринчи орунду Нью-Йорк, экинчи орунду Лондон, үчүнчү орунду Париж ээледи.