Бишкек мэриясына 95 автобус жана 42 атайын техника тапшырылды

12-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 55

Бишкек шаарында Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев мэрияга 95 жаңы автобус жана 42 даана атайын техниканын ачкычын тапшырды. Иш-чара 12-февралда №1 кампада өттү.

Өкмөт башчысынын айтымында, бул коомдук транспортту жана шаардык кызматтарды жаңылоодогу кезектеги маанилүү кадам. Ал шаарды өнүктүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана тургундарга ыңгайлуу шарт түзүү артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.

«Ар бир транспорт каражаты – шаар тургундарына кызмат кылган маанилүү ресурс. Жаңы техниканы жоопкерчилик менен пайдалануу керек», — деди Адылбек Касымалиев.

Маалыматка ылайык, Youtong үлгүсүндөгү 12 метрлик автобустар Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын программасы аркылуу сатып алынган. Ал эми бюджеттик каражаттын эсебинен алынган 42 даана атайын техниканын ичинде авариялык бригадалык унаалар, самосвалдар, гидрокрандар, JAC T-6 автоунаалары жана траншеялык виброкатоктор бар.

12-февраль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 55
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X