Бишкек мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө коррупциялык схема аныкталды

8-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Кылмыш 38

Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө акча каражатын уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Бишкек жашыл чарба” мамлекеттик ишканасынын  башкы эсепчиси  “А.Э.О.” жана эсепчиси “А.А.” белгиленген нормадан ашыкча эмгек акыны мыйзамсыз чегерүү максатында бухгалтердик документтерди (коштоочу каттарды, эмгек акынын ведомостторун ж.б.) системалуу түрдө жасалмалап, анын негизинде мамлекеттик бюджетке 800 миң сом өлчөмүндө зыян келтиришкен.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп,  “А.Э.О.” күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Ошондой эле, жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында келтирилген зыян күнөөлүү адамдар тарабынан толугу менен толтурулган.

Азыркы убакта сот органдарына өткөрүп берүү үчүн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

8-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Кылмыш 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X