Бишкек-Москва багыты боюнча темир жол каттамы 18-декабрдан тартып жандана турганы маалымдалды. Билеттин бааларында учактагыдай арзандатуулар каралган. Мисалы, 45 күнгө чейин билетти алдын ала сатып алууда 20 пайыздык арзандатуу берилет, 31 күнгө чейин 15 пайыз, ал эми тез арада же бир жуманын ичиндеги билетти сатып алууда арзандатуу 5 пайызды түзөт. Билеттин баасы плацкарт вагонго 17 миң сом, ал эми купе вагонго 22 миң 725 сомдон жогору.